ЖЫЛАН УУСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛАН УУСУ – айрым жыландардын шилекей бездеринен бөлүнүп чыккан зат. Жаңы кезинде түссүз, саргыч же жашыл коюу суюктук; курамында альбумин, глобулин, ферменттер, суу, туз ж. б. болот. Кургатылган түрдө 23 жылга чейин сакталат. Түрдүү жыландардын ууларынын касиети ар башка: мис., кара чаар Ж. у-нда кан тамырдын жарылуусуна себеп болуучу геморрагин, чекир Ж. у-нда нерв системасынын ишин начарлатуучу нейротоксин заты бар. Ошондуктан ар кандай жыландын чакканын организм түрдүүчө көтөрөт. Мис., кара чаар жылан чаккан жер ооруп, шишийт, териде ыйлаакча ж-а геморрагия пайда болот; чекир жылан чакканда, адам, мал демигип, кээде кусат, дем алуу борбору иштебей калып, өлүмгө дуушар кылат. Чекир жылан, калкан тумшук ж-а чырылдак Ж. у. канды уютпас, кара чаар жыландыкы уютма касиетке ээ. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уулуу жыландын 14 түрү белгилүү. Жыланга чактырбоо үчүн саякатка чыгууда, а. ч. жумуштарын аткарууда кончу узун өтүк кийип, өтө этият болуу зарыл. Жылан чакканда, биринчи жардам – кишини кыймылдатпай жаткызып, шакшак коюу, суусундуктарды (чай, суу) көп ичирүү, Ж. у-на каршы сыворотка ж. б. каражаттарды колдонуу. Ж. у-нан ооруган жерди басаңдатуучу, түрдүү сезгенүүгө каршы таасир берүүчү, невралгия ж-а муун ооруларын ж. б. кеселдерди айыктыруучу дарылар жасалат.