ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫастрономиянын бөлүмү; ал Галактиканын түзүлүшүн, өнүгүшүн, кош, үчилтик ж. б. эселик жылдыздарды, жыл­дыз чогулмаларын, о. эле газ, чаң ж-а газ-чаң булуттарын ж-а аны пайда кылган диффузия-


лык заттарды изилдейт. Астрономиянын баш­ка тармагынан алынган маалыматты пайдала­нып, статистикалык материалдын негизинде Га­лактикадагы астр. объектилердин касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн, өз ара байланышын, алардын жайгашуу ж-а кыймыл закондорун, өнүгүү бел­гилерин үйрөтөт. Ж. а. жылдыз статистикасы, жылдыз кинематикасы ж-а жылдыз динами­касына бөлүнөт. Б. з. ч. 2-к-да Гиппарх жыл­дыз каталогун түзүп, миңдей жылдыз коорди­наталарын көрсөткөн. 14-к-да Улугбек Гиппарх каталогун тактап, жаңысын түзгөн. Жылдыздуу асманды изилдөөдө жылдыз атласы ж-а жыл­дыз картасы чоң мааниге ээ (к. Жылдыздар).