ЖЫЛДЫЗДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛДЫЗДАР – табияты б-ча Күнгө окшош, ысык газдан турган жарык чыгаруучу асман нерселери. Алар Ааламдагы негизги объект, көрүнгөн асман телолорунун 90%ин түзөт. Ж. бизден өтө алыс турат, бизге эң жакын жылдыз – Күн. Эгерде Ж-га чейинки аралык жүздөгөн парсек болсо, анда алардын параллакстык жылышуулары байкалбайт ж-а аралык жылдыз спектрлерин талдоо м-н аныкталат. Күн системасына эң жакын жылдыз – Центавр Проксимасы, ал бизден 1,3 пс аралыкта турат. Ж. массасы,
өлчөмү, тыгыздыгы, жарык чыгаруусу ж-а хим. курамы б-ча айырмаланат. Ж-дын массасын аныктоо үчүн, алардын кыймылы изилденет. Жалпы масса борборунун айланасында кыймылдап, алар өз ара тартылышат ж-а алардын массасы бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун негизинде аныкталат. Жылдыз массасы көбүнчө күн массасы (2 ·1030 кг) м-н туюнтулат. Дээрлик бардык Ж-дын массасы 0,1–100 күн массасына барабар. Ж-дын өлчөмү оптикалык интерферометрдин жардамы же теор. эсептөө жолу м-н аныкталат. Бизге көрүнгөн Ж-дын көбүнүн өлчөмү жүз миңдеген же миллиондогон кмди түзөт, мис., Күн диаметри 1 392 000 км. Бирок диаметри 10–20 км болгон эң кичинекей (ак кидиктер) ж-а кенедей (нейтрондук) Ж. да болот. Күндөн көп эсе чоң Ж. – алп жылдыздар (Бетельгейзе, Арктур, Антарес) ж-а сейрек кезигүүчү кызыл алптар да бар. Эгер булар Күндүн ордунда болсо, анда Марс м-н Юпитердин орбиталары да ичинде калмак. Ж-дын массасына караганда
өлчөмү б-ча айырмачылык өтө чоң болгондуктан, кичине Ж-дын тыгыздыгы чоңдукунан көп. Күндүн орт. тыгыздыгы суунукунан 1,4 эсе чоң, ал эми Сириус В жылдызынын 1 см3нун массасы 50 кгдан чоң, ак кидиктер андан тыгыз. Бирок нейтрондук Ж-дын тыгыздыгы өтө чоң, б. а. 1014 г/см3. Ж. өлчөмүнөн да жарыктанышы б-ча көп айырмаланат. Күндүн жарыктанышы (3,8Ч1026 Вт) м-н туюнтулат. Көпчүлүк Ж-дын жарыктанышы Күндүн жарыктанышынын 0,001–106 бөлүгүн түзөт. Ж-дын хим. курамы алардын спектрлери аркылуу аныкталат. Ж. Жердеги эле элементтерден турары белгилүү.
Дээрлик бардык Ж-дын массасынын 98%ин суутек м-н гелий түзөт, мындагы суутектин массасы гелийдикинен 2,7 эсе чоң. Ж. физ. касиеттери б-ча үч топко бөлүнөт: нормалдуу, ак кидиктер ж-а нейтрондук Ж. Нормалдуу Ж-га куралсыз көз же телескоп м-н байкалган Ж. кирет. Алар идеалдык газдардан турат. Тыгыздыгы өтө
чоң Ж. идеалдык газ законуна баш ийбейт ж-а ал бузулган газ деп аталат. Ушундай газдан ак кидиктер ж-а кээ бир алп Ж-дын ядросу куралат. 20-к-дын ортосунан баштап Ж-ды изилдөө
үчүн спектроскоп м-н фотогр. ыкма колдонулган, 20-к-дын 20-жылдарынан баштап атом физикасынын ыкмасы, андан кийин ЭЭМди колдонуу Ж. ж-дөгү илимди түп-тамырынан бери
өзгөрттү. Азыркы учурда кош Ж., өзгөрмө жылдыздар, жаңы Ж., өтө жаңы Ж., пульсарлар, кара көңдөй, жылдыз ассоциациялары ж-дөгү түшүнүктөр өнүгүүдө. Ж-ды үйрөнүүдө математика, механика, асман механикасы, физика, химия ж. б. илимдердин ыкмалары колдонулат.