ЖЫЛДЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛДЫРУУ – геом. өзгөртүүнүн бир түрү; те­гиздикти (евклид мейкиндигин) каалагандай эки чекитинин арасындагы аралык сакталгандай геом. өзгөртүү. Ж-да тегиздиктеги (мейкиндик­теги) F фигурасы ошол эле тегиздиктеги (мей­киндиктеги) F’ фигурасына өзгөртүлөт (F=F’). Геометриядагы Ж. түшүнүгү мех. кыймыл түшү­нүгүнөн айырмаланат. Мех. кыймыл – убакыт­ка көз каранды болгон үзгүлтүксүз процесс, ал эми геом. Ж-да фигуранын баштапкы ж-а акыр­кы абалындагы процесс каралат. Тегиздиктеги окко карата симметрия, параллель которуу, че­киттин айланасында буруу, борб. симметрия Ж. болот, анткени бул геом. өзгөртүүлөрдүн ар биринде эки чекиттин аралыгы өзгөрбөйт. Ж. те­гиздиктин багытын өзгөртпөсө 1-түрдөгү Ж. (па­раллель которуу, буруу ж-а борб. симметрия), ал эми багытын карама-каршыга өзгөртсө 2-түр­дөгү Ж. (окко карата симметрия) деп аталат. Эки Ж-нун композициясы (көбөйтүндүсү, удаа­лаш аткарылышы) кайрадан Ж. болот. Ж-лар­дын композициясы ассоциация законуна баш ийет. Берилген Ж-га тескери Ж-ну дайыма та­бууга болот. Ар кандай кесинди өзүнө өзү бара­бар, б. а. өзүнө өзү өзгөртүлөт деп эсептелет. Бул учурда теңдеш Ж. алынат. Демек Ж-лардын көптүгү группаны түзөт.
Ад: Яглом И. М. Геометрические преобразования. Т. 1–2. М., 1955–56; Моденов П. С., Пархоменко А. С. Геометрические преобразования. М., 1961; Айыл­чиев А. Геометриялык өзгөртүүлөр. Ф., 1975.