ЖЫЛКЫ ПОРОДАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛКЫ ПОРОДАЛАРЫ – табигый ж-а жасал­ма тандоонун негизинде жылкынын тукуму жакшыртылган түрү. Азыркы кезде дүйнөдө жылкынын 200дөн ашык (КМШ өлкөлөрүндө 50гө жакын) породасы белгилүү. Ж. п-нын жал­пы кабыл алынган бирдиктүү классификация-

Араб жылкысы.
Кыргыз жылкысы.
Ахалтеке жылкысы.
Будённый жылкысы.

сы жок, жалпысынан үч топко бөлүнөт. 1) ата­йын түзүлгөн шартта, жогорку деңгээлдеги се­лекциялык иштердин негизинде чыгарылып, өтө иштемчилдиги м-н айырмаланган зоот Ж. п. Алар иштемчилдигине жараша төрт типке бө­лүнөт: оор жүкчүл жылкылар, минги, минги­жүк артылуучулар, арабага чегилүүчүлөр (орус, владимир, сов. оор жүкчүл жылкылар, арден­на, першерон, суффолк, шайыр, бельгия оор жүкчүл жылкылары ж. б.); чегилме жылкылар (америка, орус, орлов таскакчылары; тори, финн ж. б.); минги-чегилме жылкылар (венгр, морган жылкылары); минги жылкылар (таза кандуу минги жылкы, будённый, тракен, терек жылкы­лары); 2) табигый экол. чөйрөгө жакындашты­рылган шартта чыгарылып, иштемчилдиги м-н айырмаланган зоот Ж. п. иштемчилдиги б-ча бел­гилүү өлчөмдө бирдей (минги, минги-чегилме), би­рок биол. сапаттары б-ча айырмалангандыктан, зоналык топторго бөлүнөт: талаа жылкылары (дон, костонай жылкылары ж. б.), тоолук жыл­кылар (Кавказ, О. Азиядагы Ж. п.), түш. чөл ж-а оазис жылкылары (ахалтеке жылкысы, араб, кабарда, йомуд жылкылары). 3) Табигый экол. чөйрөгө жакындаштырылган шартта табигый ж-а жасалма тандоонун негизинде калыптанган жерг. Ж. п. Булар – жерг. шартка жакшы көнүккөн күч унаа ж-а күч унаа-эт-сүт багытын­дагы породалар. Алар жер (зона) шартына жара­ша бөлүнөт: түн. токойлуу жер жылкылары (вят­ка, печора, мезень, якут жылкылары); талаа жыл­кылары (моңгол, забайкалье, казак жылкыла­ры); тоолук жылкылар (локай, кыргыз, алтай, тува, азербайжан жылкылары) ж. б.