ЖЫЛКЫЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛКЫЧЫЛЫК – кыргыздын кыз узатууда­гы эски салттарынын бири. Кыздын ж-а кызды алып кетип жаткан тараптын аттарын багып, ээрин токуп, аткарышкандардын акысы иретин­де күйөө бала тарап кыздын ага-инилерине ба­гыштап мал беришкен. Узатуучу тараптын жи­гиттери Ж-ка ыраазы болушуп, күйөө, кудалар­ды бир кыйла жерге узатып чыгышкан. Ыраа­зы болушпаса, аттардын ооздуктарын салбай, үзөңгү боонун учун төңөлүгүнөн чыгарып, бир аз бастырган соң түшүп кеткидей кылып илеш­тирип, көрпөчөнүн үстүңкү кабатына тикенек төшөп, басмайылды өтө бош тартып, эптеп атка­рып жиберишкен. Мындай «сый» көрүү өтө уят, учу-кыйырга таркалчу шылдың болгондуктан, Ж-ка бөтөнчө көңүл бөлүнгөн. Кыз узагандан кийин конок узатышкан жигиттердин баары Ж-ты тең бөлүп алышкан. Бул салт айрым жер­лерде «ж ы л к ы ч ы к о й» деп да аталат. Учурда Ж. ырымы үйлөнүү тойлорунда сейрек колдонулат.