ЖЫЛМАЛОО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛМАЛОО – 1) абразивдүү аспаптардын жардамы м-н материалдын (металл, жыгач, таш ж. б.) бетин күзгүдөй жалтыратып иштетүү. Металл кийизден же кездемеден жасалып, бетине жылмалоочу паста сүртүлгөн жумшак айланма тегерек, кайрак, өгөө ж. б. м-н жылмаланат. Айрым учурда электролиздик Ж. (электролиздин жардамы м-н) колдонулат. Жыгачтын бетине жылмалоочу тунук смола (политура) сүйкөлүп, вена акиташы м-н күзгүдөй кылып жалтыратылат. Ташты Ж-до (шлифовкалоодон кийин) нымдалган тегерек кийиз м-н күкүмдүн (мис., калай кычкылы) ичке агымын берүү аркылуу иштетилүүчү бет сүртүлөт. Бул иш жылмалоочу станокто, электр аспаптары, кээде кол м-н жүргүзүлөт. Ж. металл иштетүүдө кеңири таралган. Жыгач м-н ташты иштетүүдө, адегенде алардын бети жылмаланып, андан кийин сырдоо, лак жабуу, жалтыратуу иштери аткарылат; 2) жыгачтын тышкы түрүн жакшыртуу ж-а атмосферанын таасиринен сактоо үчүн бетин политура м-н каптоо.