ЖЫЛМАЛООЧУ СТАНОК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛМАЛООЧУ СТАНО́К – металл, жыгач ж-а таш буюмдарын, тетиктерди абразивдүү ас­паптар м-н жылмалагыч. Бул станокто жыл­малап иштетилгенде, тетик же буюм так өл­чөмүнө ж-а формасына келтирилет, үстүңкү бети тазартылып, сапаты жакшыртылат. Жыгач иш­теткич Ж. с-то жылмалоочу материал катары абразивдүү материалдар жабыштырылган тери пайдаланылып, ал иштетилүүчү тетиктин фор­масына ж-а станоктун констр-сына жараша дисктүү, тасмалуу, шпинделдүү, цилиндрлүү ж-а щёткалуу болуп айырмаланат. Таш буюм­дарын Ж. с-то жылмалоочу тегерек өгөө колдо­нулат. Машина ж-а прибор курууда Ж. с. – сүрүүчү, суюктуктуу ж-а борбордон четтеме бо­луп бөлүнөт. Суюктуктуу ж-а борбордон четтеме станок негизинен татаал формадагы буюмдар­ды жылмалоого арналган. Сүрүүчү Ж. с-то те­тик столго бекитилип, жылмалоо шпинделге бе-


китилген айлануучу сүргүч аркылуу ишке ашы­рылат. Сүргүчтөр жумшак металлдан (мис., жез), жыгачтан, кийизден, териден жасалат. Жыл­малоочу материалдар сүргүчкө жабыштырылат же иштетүү убагында берилип турат. Суюктук­туу Ж. с-то буюм камерага жайгаштырылып, абразивдүү материал аралашкан суюктуктун агымы м-н жылмаланат. Борбордон четтөөчү Ж. с-то сыйымдуулук жайгаштырылып, ал аб­разивдүү күкүм же эритме м-н толтурулат. Сы­йымдуулук айланган учурда абразивдүү аралаш­ма кыймылга келип, кыймылсыз турган тетик­ти жылмалайт. Эмерек ж-а жыгач өндүрүшүндө Ж. с. лак-сыр капталган ж-а каптала элек жыгач буюмдарын жылмалоочу болуп бөлүнөт. Сырдалбаган жыгач буюмдарын жылмалоо – кол м-н электр кыймылдаткычынын жардамы аркылуу, ал эми лак-сыр капталган жыгач ма­териалдар болсо материал дисктеринен чогул­тулган айлануучу жумшак текстиль барабаны м-н ишке ашырылат.