ЖЫЛУУЛУК ИЗОЛЯЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛУУЛУК ИЗОЛЯЦИЯСЫ – имараттардын, ө. ж. жылуулук курулмаларынын (же алардын айрым түйүндөрүн), муздаткыч камералардын, өткөргүч түтүктөрдүн ж. б-дын жылуулугун ай­лана-чөйрөгө чыгарбоочу иш чаралар. Мис., курулуш ж-а жылуулук энергетикасында Ж. и. айлана-чөйрөгө чыккан жылуулукту азайтуу үчүн, муздаткыч ж-а криоген техникасында ап­паратураларды сырттан келген сууктан сактоо үчүн пайдаланылат. Ж. и. жылуулук өткөрбөөчү материалдан жасалган атайын тосмолор аркы­луу камсыз болот. Ж. и-нда төмөнкүдөй мате­риалдар колдонулат: аба же суу аркылуу жы­луулук алмашууда – аба өткөрбөөчү материал­дан жасалган тосмолор; нурдуу жылуулук ал­машууда – жылуулук нурун чагылтуучу мате­риалдар (мис., фольга, металл, лавсан плёнка­лары); жылуулук өткөрүү учурунда – көңдөй түзүлүштөгү материалдар. Ж. и-нын натыйжа­луулугун жогорулатуу – жогорку көңдөйлүү материалдарды ж-а аба катмары болгон көп катмардуу констр. түзүлүштөрдү колдонуу ар­кылуу жетишилет.