ЖЫЛУУЛУК СЫЙЫМДУУЛУГУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛУУЛУК СЫЙЫМДУУЛУГУ – нерсенин темп-расын 1 градуска (1°С же 1К) жогорулатууга сарпталган жылуулук саны. Эгер нерсеге dQ жылуулук саны берилгенде, темп-расы dTга жогоруласа, анын Ж. с. С= dQ/dT б-ча аныкталат ж-а Дж/град м-н өлчөнөт. Катуу заттардын ж-а газдардын Ж. с. туруктуу чоңдук болбостон, темп-рага көз каранды. Бирдик массадагы берилген затты бир градуска ысытуучу жылуулук саны ал заттын с а л ы ш т ы р м а Ж. с. деп аталат, бирдиги Дж/град⋅кг. Массасы бир моль затты бир градуска ысытууга керек болгон жылуулук саны м о л д у к Ж. с. деп аталат. Газдардын туруктуу көлөм ж-а басым кезиндеги Ж. с-нун чоңдугу түрдүүчө болот. Эгер газ туруктуу көлөмдө ысытылса, анда сыртка жумуш аткарбастан, берилген жылуулук толугу м-н нерсенин ички энергиясын көбөйтүүгө жумшалат. Эгер газ туруктуу басым кезинде ысытылса, анын көлөмү кеңейип, берилген жылуулуктун бөлүгү сыртка жумуш аткарат. Демек, бул учурдагы Ж. с. туруктуу көлөмдөгүгө караганда көп. Ысытуудан катуу заттардын көлөмү аз өзгөргөндүктөн, алардын көлөмү ж-а басымы туруктуу кезиндеги Ж. с. дээрлик барабар (к. Дюлонг – Пти закону). Катуу заттардын жылуулук сыйымдуулук теориясын Эйнштейн ж-а Дебай иштеп чыккан.