ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕ́КТР СТАНЦИЯСЫ – жылуулук кыймылдаткычтар м-н кыймылга келтирилген генераторлор аркылуу электр энергиясын иштеп чыгуучу ишкана. Алгачкы Ж. э. с. 1882-ж. Нью-Йоркто, ал эми 1883-ж. Петербургда, 1884-ж. Берлинде курулган. Орг. отун күйгөндө пайда болгон хим. энергия Ж. э. с-нын жылуулук булагы болуп эсептелет. Ал колдонулуучу отундун түрүнө жараша катуу, суюк, газ ж-а аралаш отундуу; жылуулук кыймылдаткычынын түрү б-ча буу турбиналуу (баралуу), газ турбиналуу (баралуу) ж-а ичинен күйүүчү кыймылдаткычтуу; берүүчү энергиянын түрүнө жараша – конденсациялуу электр станциясы ж-а жылуулук электр борборлору (теплофикациялуу) ж. б. болуп бөлүнөт. Ж. э. с-нын бир түрү катары атомдук, гелиоэлектрдик, геотермалдык электр станциялар эсептелет. Ж. э. с-нын электр жабдууларына ток генератору, бөлүштүргүч түзүлүш, жогорулаткыч подстанция, тек-

шерүү ж-а башкаруу куралдары, о. эле жардамчы түзүлүштөр кирет. Азыркы учурда кубаттуулугу 5–6 ГВт болгон Ж. э. с-лары курулууда.