ЖЫНЫС ДИМОРФИЗМИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫНЫС ДИМОРФИЗМИ , а й р ы м ж ы н ы ст у у л у к – түрдүн эркек ж-а ургаачы особдорунун белгилери б-ча айырмаланышы, полиморфизмдин бир түрү. Ж. д. жыныстык тандоонун таасиринен келип чыккан. Көп клеткалуу жаныбарларда жыныстык жетилүү мезгилинде толук өрчүйт, көбүнчө жыныс органдарынын түзүлүшүндөгү, о. эле жыныстык жетилгендеги жыныс белгилеринин айырмасына байланыштуу. Ж. д-нин туруктуу ж-а мезгилдик түрү болот. Т у р у к т у у Ж. д. – мезгилдик шарттарга бир аз көз каранды же көз каранды эмес. Ал көпчүлүк омурткасыздар (өзгөчө курттар, муунак буттуулар) ж-а омурткалууларга мүнөздүү (мис., кээ бир жаныбардын ургаачысы эркегинен бир топ кичине, айрымдарында, тескерисинче, ургаачысы чоңураак). Эркеги ургаачысына караганда ачык коргоочу түстө болот (мис., көпөлөктөр, канаттуулар ж. б.) ж-а көп учурда ургаачысы тукумуна кам көрүп, аз кыймылдайт. Бугу коңуздун «мүйүзү», нарвал (дельфиндин бир түрү) ж-а пилдин эркегинин узун жумуру азуулары (бивень), көптөгөн бугулардын эркегинин мүйүзү экинчилик (жетилгенден кийинки) жыныстык белгилери Ж. д-нин айкын көрүнүшү болуп эсептелет. М е з г и л д и к Ж. д. көбөйүү мезгилинде гана байкалат. Мында Ж. д. – көпчүлүк балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, мис., тритондун эркегинин жонундагы кыры, балыктын эркегинин ачык түсү. Кишиде жыныс органдарынын түзүлүшүндөгү айырмачылыктардан башка, эркектин скелети ж-а булчуңдары жакшы өрчүгөн, сакал, муруттун болушу ж. б. белгилер; аялда эмчек, о. эле жамбашынын жазы болушу ж. б. – Ж. д-нин көрүнүшү.