ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫ – организмдин тукум­доо милдетин аткаруучу мүчөлөрү. Аларга жы­ныс бездери (эркек ж-а ургаачы жыныс бези), жыныс өткөөлдөрү (урук ж-а тукум түтүгү), жардамчы түзүлүштөр (ургаачыда секреция чы­гаруучу без, эркекте жумуртканын түрдүү челин пайда кылуучу зат) кирет. Айбанаттардын көпчүлүгү айрым жыныстуу, кээ бир түрүнө (был­пылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, курттар, мо­люскалар ж. б.) гермафродитизм мүнөздүү. Адамдын Ж. о. ж-дө, к. Аялдын жыныс органда­ры, Эркектин жыныс органдары макалаларын.
Өсүмдүктөрдүн Ж. о. түрдүү системалык топто түрдүүчө түзүлгөн. Балырлардын көпчүлүгүнүн ж-а жөнөкөй козу карындардын аталык ж-а энелик Ж. о-нын морфол. жактан айырмасы жок. Морфол. жактан айырмаланган бир же көп клеткалуу тегерек же баштык формасын­дагы эркек Ж. о-нда (антеридийлерде) эркек урук клеткасы өсөт. Энелик Ж. о. тегерек, бир клет­калуу болсо (балырлар, козу карындар) оога­миялар, архикарптар (аскомицет козу карын­дарда); көп клеткалуу, чучуктай жумуру, сүйрү болсо (эңилчектерде, папоротник сымалдарда), архегонийлер деп аталат.