ЖЫРГАЛАҢ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫРГАЛАҢ – Ысык-Көл обл-ндагы шаарча.
Адм.-айм. жактан Ак-Суу райондук кеңешине карайт. «Жыргалаң» шахтасынын ачылышы­на байланыштуу 1932-ж. негизделген. Ысык- Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Жыргалаң суусунун жогорку агымы­нын оң жээгинде, деңиз деңг. 2270 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол ш-нан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекети­нен 300 км. Калкы 1,0 миң (2009); калкынын негизин кыргыздар (54,3%), орустар (37,4%)


түзөт, о. эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Негизинен шахтада эмгектенет. Ө. ж. ишкана­сы, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана, оорукана бар.