ЖЫРГАЛАҢ БУЛУҢУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРГАЛАҢ БУЛУҢУ Ысык-Көлдүн чыгыш бөлүгүндө. Каракол ш-нан 7 км аралыкта. Уз. 18 км, туурасы 1,5–2,5 км, жээк сызыгынын уз. 42 км. Тереңдиги булуңдун оозунда 59 м. Булуң Жыргалаң суусунун өрөөнүнүн уландысы; синклиналдык ийилиште жайгашкан. Голоценде көлдүн суусу көтөрүлүп, өрөөндү каптап калуусунан пайда болгон. Өрөөндүн суу астындагы уландысы 25 км аралыкка (120 м тереңдикке) чейин созулат. Жээги тик, тектирлүү, көлдүн деңгээлинен 15–37 мге көтөрүлүп жатат. Жыргалаң суусу булуңга куярда салааланып, дельтаны пайда кылат. Ал жылына 90 миң тдан ашык ылай, шиленди агызып келет. Жыргалаңдын көл суусун тузсуздандырууда мааниси зор: анын чатынан 300 м аралыктагы туздуулугу 3,5 г/л, оозунда 5,9 г/л. Булуңдун төрүндө сейши кубулушу байкалат. Жээгинде Каракол пристаны, байыркы шаар чалдыбары (8-к.), саякатчы Н. М. Пржевальскийдин мүрзөсү, эстелиги ж-а мемориал музейи бар. Кийин белгилүү окумуштуу Х. Карасаев да ошол жерге коюлган. Булуңдан балык кармалат.