ЖЫРГАЛАҢ КУРОРТУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫРГАЛАҢ КУРОРТУ – климаттык-бальнеол. ж-а баткак менен дарылоочу курорт. Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Каракол ш-нан 10 км түн. тарапта. Ысык-Көлдөн 10 км, Жыргалаң суусу­нун боюнда, деңиз деңг. 1624 м бийикте жай­гашкан. 1965-ж. ишке киргизилген. Ж. к. Ысык- Көлдүн курорттук аймагына кирет. Климаты континенттик: кышы жумшак, январь айынан орт. темп-расы – 5°С; жайы жылуу, июль айы­нын орт. темп-расы 18°С. Жылына 400 ммге жа­кын жаан-чачын түшөт, чөйрөнүн орт. нымдуу­лугу 60%. Күн радиациясы өтө жогору. Ж. к-нда дарылоо негизинен минералдуу ысык (43°С) суу ваннасы, дары баткагы м-н жүргүзүлөт (к. Жыр­галаң минералдуу суусу, Жыргалаң баткак ке­ни). Муундун ж-а нерв системасынын оорула­рын дарылайт.