ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык- Көл обл-нун Түп р-нундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булагы. Каракол ш-нан 10 км түн. тарапта, Ысык-Көлдүн чыгыш кылаасында, Жыргалаң суусунун боюнда, деңиз дең. 1624 м бийикте. 1960-ж. терең бургулоо көзөнөгүнөн чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин кумдук ж-а алевролиттен турган чөкмө тектери жатат. Минералдуу ысык суу 3000 м тереңдиктеги палеозой тоо тектеринде пайда болуп, үстүнкү мезозой кабаттарына жарака аркылуу көтөрүлөт. Көзөнөктөн чыккан суунун дебити 37,5 л/сек, темп-расы 46°С. Хим. курамы б-ча хлорид-сульфат-натрийлүү, жегичтүү (рН = 8,5) арашан сууларына кирет. Ак-
суу минералдуу суусуна окшош, бирок андан кремний к-тасынын аздыгы, фтордун ж-а кальцийдин көптүгү м-н айырмаланат. Суу тузсуз, жытсыз, даамсыз. Курамында бир аз йод, бром, бор, молибден, жез, цинк, коргошун, гумин бар. Суу муун, булчуң ж-а нерв ооруларына шыбаа. Анын базасында Жыргалаң курорту иштейт. Имараттарды жылытууга, турмуш-тиричилик керектөөсүнө да пайдаланылат. Запасы А категориясы б-ча суткасына 1,728 миң м3.