ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫРГАЛАҢ ӨРӨӨНҮ – Ысык-Көл ойдуңунун түн.-чыгыш, чыгыш уландысы. Жыргалаң суу­сунун алабында. Ак-Суу, Түп р-ндорунун айма­гында. Аянты 1150 км2, уз. 120 км, туурасы 0,5– 1,5 км. Эң бийик жери 3800–4400 м, эң жапыз жери 1608–1800 м. Тескей Ала-Тоонун түн.-чы­гыш капталынан капчыгай сымал башталат. Баш жагында субмеридиан багытында жаткан тепши сымал өрөөн; төмөнкү бөлүгү кеңдик багытында, кенен, негизинен неогендин кум, чопо тектери м-н капталган. Өрөөн ичинде 6–7 тектир бар; Ак-Булактан баштап таманы саз­дуу. Жылдык орт. темп-расы 5–6°С, январды­кы –7°С, июлдуку 16,6°С. Жылдык жаан-чачы­ны 400–800 мм. Кара ж-а тоо-токой топурак­туу; тоолуу бөлүгүндө тулаң, карагай, бадал, суб­альп өсүмдүктөрү өсөт; андан жогору субнивал­дык ландшафт мүнөздүү. Өрөөндүн түзөң жер­леринде эгин, жашылча эгилип, мөмө бакта­ры өстүрүлөт. Суулары балыкка бай. Жырга­лаң суусунун тоодон чыга бериш жеринде таш көмүр казылып алынат (к. Жыргалаң көмүр ке­ни). Көп жери жайыт.