ЖЫРТКЫЧ КУШТАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРТКЫЧ КУШТАР (Aceipitres) – куштар түркүмү. Түрдүү чоңдукта. Эң чоңу жорулар. Дене уз. 1 м, канатын жайгандагы жазылыгы 2,75 – 3 м, кичинесиники (кидик шумкарлар) 1,5 смдей. Тумшугу учтуу төмөн карай ийилген. Күчтүү манжалары, курч тырмактары м-н табылгасын кармап жейт. Бут, төш булчуң ж-а көрүү, угуу органдары жакшы өөрчүгөн. Ж. к. тиричилигин көбүнчө күндүз өткөрөт. Ал кемирүүчүлөр, майда канаттуулар, сойлоочулар, балыктар, үлүл, курт-кумурска ж-а таштанды, тарп м-н азыктануучулар болуп, 2 түркүмчөгө бөлү-

нөт. Кээ бири ылгабай азыктанат. Булар Жер шарынын бардык жеринде (Антарктидадан башка) таралган. Айрымдары тургун, кээси келгин куштар. Ж. к-дын ургаачылары жылына 1–7 жумуртка тууп, шумкарлар 28, жорулар 55 күн басып, балапан чыгарат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында Ж. к-дын 44, Кырг-нда 30дай түрү кезигет. Алардын ичинен зыяндуулары (кыргый, бөктөргө ж. б.), о. эле зыяндуу кемирүүчүлөрдү, курт-кумурскаларды жеп токой ж-а а. ч-на пайда келтирүүчүлөрү да бар. Ж. к. омурткалуу жаныбарлардын санын (мис., зыяндуу кемирүүчүлөрдү) жөнгө салып турат.