ЖЫШТЫК ӨЗГӨРТКҮЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫШТЫК ӨЗГӨРТКҮЧ (преобразователь час­тоты) – 1) э л е к т р т е х н и к а с ы н д а – электр чыңалуусунун (тогунун) жыштыгын өзгөртүүчү түзүлүш. Электр кыймыл бергичте­ринин ж-а магниттик күчөткүчтөрүнүн жөнгө салуучу системаларында, эки же андан көп ар кандай жыштыктагы өзгөрүлмө токтун систе­масын тууралоо үчүн колдонулат. Ж. ө. стати­калык, электр машиналык, айкалыштырылган түрдө жасалат ж-а электр-магниттик, вентил­дик болуп ажыратылат. Вентилдик Ж. ө. ке­ңири таралган ж-а вентиль катары транзистор­лор м-н тиристорлор колдонулат. Транзистор­дук негизинен радиотехникада, тиристордук – өзгөрүлмө токтун ө. ж-лык кубаттуу электр кыймыл бергичтеринде, жыштыкты ж-а чы­ңалууну акырындап жөнгө салууда колдону­лат. 2) р а д и о т е х н и к а д а – башка толкундардын таасири м-н радио сигналдар­дын келишин өзгөртүүчү электрондук түзүлүш, супергетеродиндүү радио кабылдооч түйүнү. Ал аралаштыргычтан ж-а гетеродинден турат.
Мында жогорку жыштыктуу термелүүдөн орто аралык термелүүлөр (негизинен өтө төмөн) түзүлөт.