ЖЭКСОНВИЛЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЭ́КСОНВИЛЛ – АКШнын түш.-чыгышындагы шаар. Флорида ж. а-нын түн.-чыгышында, Сент-Жонс д-сы Атлантика океанына куя бериште жайгашкан. Флорида штатында. Калкы 882,1 миң (2007; агломерациясында 1,2 млн). Аянты б-ча (2,3 миң км2; ички 302 км2 акваториясы м-н) Америкадагы чоң шаарлардын бири. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Терең деңиз порту (2006-ж. 2,3 млн т жүк ташылган). Круиз терминалы (Багама аралдары ж-а Ки-Уэст а. м-н байланышат). 18-к-дын аягында испаниялык Флориданын курамында Кауфорд тургун жайы катары негизделген. 1821-ж. АКШга карап, алгачкы аскер губернатору генерал Э. Жэксондун урматына азыркыдай аталган. 1832-жылдан шаар. Кеме куруу, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, кара металлургия, металл иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-ттер, китепкана, музейлер, зоопарк бар. Жыл сайын музыка, 1984-жылдан кино фестивалдары өткөрүлүп, көргөзмө борборунда а. ч. ярмаркалары (жыл сайын) болуп турат. Аскер-деңиз флотунун ж-а деңиз авиациянын базасы. Шаарга жакын «Форт Кэролайн» улуттук мемориалы жайгашкан.