ЖЭЭН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЭЭН – кыргыздын салттуу туугандык жайын­да аялдын төркүнү тарап үчүн анын балдары­нын туугандык мамилесин билдирүүчү атоо. Ж-дин аялы Ж. келин, Ж. кыздын күйөөсү Ж. күйөө деп аталган. Ж. балдары жээнчер деп аталат. Салт б-ча Ж. бала бир тууган катары эсептелип, 3–4 ата өтө элек жакын таекелери­нен кыз албаган, Ж. кыз андай жакын таекеле­рине турмушка чыккан эмес. Бул салт жээнчер­лерге карата колдонулбаган. Ж-ге карата мами­лелер кыргыздын туугандык жайында өзгөчө орунду ээлеген. Адатта Ж. таекелерине келгенде өзүн эрке алып жүргөн, каалаган буюмун суроо­сопкутсуз алып кетүүгө акылуу болгон. Ж-дин салттуу коомдогу мындай абалы «Жээн эл бол-


бойт, желке тон болбойт», «Жээн киргиче, жети бөрү кирсин» деген макалдарда көрсөтүлгөн.