ЖЭЭНБАЕВ 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЭЭНБАЕВ Жаныбек (14. 9. 1931, Ысык-Көл

обл., Түп р-ну, Күрмөнтү айылы – 26. 4. 2007, Бишкек) – физика-математика илимд. доктору (1970), проф. (1972), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1989; корр. мүчөсү 1987), КРдин техника ж-а илим жаатында мамл. сыйл. л ауре аты (1992). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1991), КМУну (1956), Москвадагы М. В. Ломоносов атн. мам. ун-тинин аспирантурасын аяктаган (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАнын ФМИсинде (1984- жылдан ФИ) ил. кызматкер, лабор. башчысы, директордун орун басары, 1993-жылдан КР УИАнын вице-президенти, 1997–2007-жылдары президенти. Ж. – төмөнкү темп-ралуу плазманын ж-а атомдук спектроскопиянын физикасы б-ча алгач респ-када ил. багытты түзгөн белгилүү илимпоз. Анын жетекчилиги м-н Кырг-нда 1-жолу төмөнкү темп-ралуу плазма генератору түзүлүп, эки агымдуу плазматрондор, плазма диагнозун коюу ыкмалары, спектроскопия жолу м-н анализдөө илимде ж-а техникада кеңири колдонулган. Радиотехникага өтө керектүү поликристаллдык заттардын жаңы физ. касиеттери табылган. Кескич аспаптарды чыңдоо, машина м-н механизмдердин тетиктерин жаңыртуу, жасалма алмаздарды синтездөө б-ча иштелип чыккан плазмалык ж-а лазердик технологиялар КМШ өлкөлөрүндө өндүрүшкө ишке киргизилген. О. эле кооздоп беттеме курулуш материалдарын чыгаруу технологиясы да иштелип чыккан. 300дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 9 монография, 30дан ашык ойлоп табуусу ж-а 9 патент бар. Ж. КР УИАнын президенти катары респда ил. иштерди уюштуруу ж-а өнүктүрүүдө көрүнүктүү салым кошуу м-н илимди өнүктүрүү ил.-изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көтөрүү, илим м-н өндүрүштүн байланышын чыңдоо ж-а ил. кадрларды даярдоо б-ча да арбын салым кошкон. Моңголия ИАнын ж-а ун-тинин ардактуу доктору, Бүткүл дүйнөлүк инновация фондусунун (Лондон) анык мүчөсү, о. эле бир топ өлкөлөрдүн академияларынын, эл аралык коомдук ил. академиялардын академиги. III даражадагы Манас ордени, «Даңк» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Ламинарный плазматрон (в соавторстве). Ф., 1975; Двухструйный плазматрон (в соавторстве). Ф., 1983; Нанесение плазменных покрытий из прутковых материалов (в соавторстве). Б., 1992; Диагностика низкотемпературной плазмы (в соавторстве). Новосибирск, 1994.