ЗЕКЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЗЕКЕТ (арабча – тазалануу) – ислам динин ти­реп турган беш түркүктүн төртүнчүсү. Муктаж­дыкка дуушарланган мусулмандар үчүн алынуу­чу дин салыгы («ыктыярдуу жыйымы» дегенге жакын). Белгилүү бир баалуулукка ээ байлык­тардын, жыл ичинде тапкан бардык киреше­нин негизинде алынат, б. а. кирешенин кырк­тан бирин түзөт (2,5%). Анын милдеттүүлүгү, көлөмү ж-а өндүрүү шарттары Куранда көрсө­түлгөн. З-те берилбөөчү айрым буюмдар да бар. Мис., аялдардагы кооздук үчүн колдонулуучу алтын шакек, иймек, билерик, сырга сыяктуу адими буюмдарга ж-а асыл таштарга берилбейт. З. эч нерсеси жок жарды кембагалдарга, кар­жысыз калган жолоочу-мусапырларга, «жи­хадга» (мусулмандар үчүн касиеттүү Ыйык со­гушка) катышкандарга жардам иретинде бе­рилет. Албетте, З. м-н садага экөө эки башка


нерсе, буларды бири м-н бирин чаташтырбоо керек.