ЗЕРАВШАН КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗЕРАВША́Н КЫРКА ТООСУ Ысар-Алай тоо тутумунда, Зеравшан д-нан түш. тарапта, Өзбекстан м-н Тажикстандын аймагында. Уз. 370 кмдей. Бийикт. 5489 мге чейин (Чимтарга чокусу). Негизинен кристаллдык сланец ж-а акиташ тоотектеринен, айрым жери граниттен турат.
Чыгышы (Фандарыя суусуна чейин) бийик тоолуу, батышы орто бийик тоо рельефтүү. Мында рельефтин карсттык формасы өөрчүгөн (Киев
үңкүрүнүн тереңдиги 950 м). Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 307 км2. Капталдарын сейрек токой, тоо-талаа өсүмдүктөрү ж-а альп шалбаасы ээлейт.