ЗЫНДАН КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗЫНДАН КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталында, Доңуз тоо ж-а Зындан сууларынын аралыгындагы кырда, Мырзаке кыш-нан 27 км түн. тарапта. Кен 1939-жылдан белгилүү. 1987–90-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен 2 кабаттан ж-а бир нече кабатчадан турат. Төмөнкү кабат «Жөнөкөй», жогоркусу «Каримовский» деп аталат. «Жөнөкөй» кабатынын калыңдыгы 0,26 мден 105 мге чейин, «Каримовский» кабатынын калыңдыгы 0,09 мден 3,15 мге жетип, тереңдеген сайын жукарып жоголот. Сапаты б-ча көмүр газдуу (I Г) маркасына кирет, күлдүүлүгү 10,4–35,5%, күйүү жылуулугу 8199 ккал/кг. Эсептелген запасы С2 категориясы б-ча 11,6 млн т.