ИАЛЫСУУ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИАЛЫСУУ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун оң курамы Кожо-Ашкандын алабында жайгашкан. Уз. 4,9 км, аянты 5,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 3500 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м. Абляциянын аянты 1,8 км2. Фирн облусу көп камералуу кенен төрдө жатат. Мөңгүдөн Кожо- Ашкан суусунун сол куймасы Иалысуу башталат.