ИВАНОВКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИВА́НОВКА – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нун­дагы кыштак. Ивановка айыл өкмөтүнө караш­туу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 750 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кант ш-нан 21 км чы­гыш тарапта. Ивановка т. ж. бекетинен 6 км. Кыштак 1890-ж. негизделген. Калкы 15 512 (2007). Жоопкерчилиги чектелген ж-а мамл. АКлар, сугат башкармалыгы, «Ысык-Ата Торг» өндүрүш комплекси, үй-бүлөлүк врачтар тобу, райондук оорукананын филиалы иштейт. Эки орто ж-а 3 башталгыч мектеп, 2 китепкана, 2 бала бакча, 2 клуб, стадион бар. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.