ИЖЕВСК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЖЕ́ВСК (1985–87-ж. У с т и н о в) – Удмурт Респ-нын борбору. Россиядагы шаар (1918-жылдан). Иж д. Кама д-на куя бериште (40 км жогору) жайгашкан. Калкы 615,7 миң (2007). Т. ж. тоому. Машина куруу (жеңил автомобиль, мотоцикл, станок, электр араа, аң уулоодо колдо-

нуучу куралдар, нефть ө. ж. үчүн жабдуу), кара металлургия (а. и. «Ижмаш»), электр-тех., жеңил, тамак-аш ө. ж. ишканалары, «Ижнефтемаш», «Ижсталь» ААК, радио з-ддору иштейт. Төрт ЖОЖ (а. и. Удмурт ун-ти), китепканалар (а. и. азиздер үчүн), край таануу, көркөм өнөр музейи, 4 театр ж. б. бар. 1760-ж. Ижевский Завод посёлкасы катары негизделген. 1921-жылдан Воткин автономия обл-нун, 1934-жылдан Удмурт Респ-нын борбору.