ИЙИЛҮҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЙИЛҮҮ м а т е р и а л д а р к а р ш ы л ыг ы н д а – сырткы күчтүн же темп-ранын таасири м-н огунун же деформациялануучу объекттердин (устун, такта, кабык ж. б.) бетинин орто жеринин ийилүүсүн мүнөздөөчү деформациянын түрү. И. деформациялануучу түз бетке карата жөнөкөй ж-а жалпак – сырткы күч беттин негизги тегиздиктеринин биринде жатат; татаал – ар кандай тегиздикте жаткан күчтөрдүн таасири астында пайда болот; кыйшык – татаал И-нүн бир түрү. Күчтөрдүн И-чү элементтин туура кесилиш тарабына таасир этишинен таза (жалаң ийүүчү моменттер болгондо) ж-а тууралык И. (о. эле, тууралык күчтөр таасир эткенде) пайда болот. Инж. тажрыйбада узата (узунунан таасир этүүчү күчтөрдүн аркасында өзөктүн – стержендин көөп кетиши) ж-а узунтуура (бир эле убакта өзөктүн огу б-ча ж-а ага перпендикулярдуу) таасир эткен И. колдонулат.