ИЙНЕ САЙЫП ДАРЫЛОО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЙНЕ САЙЫП ДАРЫЛОО , а к у п у н к т ур а, ч ж е н ь - ц з ю - т е р а п и я – дененин белгилүү жерлериндеги тканга түрдүү узундуктагы ийне сайып дарылоо ыкмасы. И. с. д-го а к у п у н к т у р а н ы н өзү ж-а и г н и п у н кт у р а (өсүмдүк заттарынан атайын кысылып жасалган таякчалар м-н) кирет. Экөө тең Кытайдын элдик медицинасында байыртан эле колдонулуп келген. Адамдын денесинде оорунун түрүнө жараша ийне сайыла турган 664 чекит бар. Дененин белгилүү жериндеги чекиттерге сайылган ийне нерв учтарын дүүлүктүрөт, дүүлүгүү мээге же жүлүнгө жетет, андан ар кайсы органдарга келет. Ийнелер атайын металлдан жасалат, уз. 1,5–12 см, жоондугу 0,3–0,45 мм. Ийне туура сайылса, зырылдатып, какшатып же чымыратып оорутат. Демейде денеге 2–4 ийне сайып, 5–10–20 мин кармайт. Дарылоо 10–15 сеанстан турат. 10–15 күн тыныгуудан кийин кайталоого болот. Ийне тери, булчуң, тарамыш, муундун нерв талчаларын дүүлүктүрөт, ошол себептүү орган, ткандардын азыктанышы жакшырып, айрым ооруларда жакшы натыйжа берет. И. с. д. невралгия, неврит, куяң, талма, шал ж. б. нерв, аллергия (нейродермит, экзема, ринит ж. б.) ооруларында жүргүзүлөт. Өтө арык ж-а өтө семиз кишилерге И. с. д. колдонулбайт.