«ИЛБИРС»: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
«ИЛБИРС» – акционердик коом (1992). 1941-ж. эвакуацияланып келген Харьков трикотаж ф-касынын базасында түзүлгөн. 1971-ж. трикотаж бирикмеси болуп‚ анын курамына пахтадан жип ийрүү ф-касы да кирген. 1989-ж. фирмалык бир катар дүкөндөрү м-н бирдикте «Илбирс» ө. ж. соода трикотаж бирикмеси (ӨCТБ) болуп кайрадан түзүлгөн. Cырьёнун 79%ин Кырг-ндын аймагында жайгашкан ишканалардан алат‚ ал эми жасалма‚ синтетикалык жиптер башка мамлекеттерден ташып келинет. Бирикмеде тигүү‚ түйүү‚ боёо цехтери иштейт.