«ИЛИАДА»: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
«ИЛИА́ДА» (Илион, б. а. Троя ж-дө поэма) – байыркы гректердин эпикалык поэмасы, дүйнөлүк мааниге ээ чыгарма. Гомер жазган деп болжолдонот. Троя согушу (б. з. ч. 13-к.) ж-дөгү уламыштардын негизинде б. з. ч. 9–8- к-да Ионияда пайда болгон деп эсептелет. Гекзаметр м-н жазылган (15 700дөй сап ыр). «И-нын» башкы каарманы – Ахилл. Башкы көсөм Агамемнон ыза кылган «Ахиллдин каары» – поэманын сюжеттик өзөгүн түзгөн негизги мотив. Поэмада Микен көсөмү Агамемнон башкарган көп уруудан чогулган ахейлик кошуундун Трояны курчоого алганы сүрөттөлөт. «И-да» байыркы гректердин (уруулук түзүлүштөгү) коомдук турмушу, материалдык ж-а рухий мад-ты ар тараптан чагылдырылган. Ал көркөм ж-а тарыхый мааниси жагынан гана эмес, байыркы замандагы билимдердин жыйындысы, философия м-н поэзиянын булагы катары да жогору бааланат. Эпостогу тарыхый, геогр. фактылардын аныктыгы 18-к-дын аягында Г. Шлиман жүргүзгөн археол. казууларда ырасталган. «И.» 18-к-дын аягынан тартып орус тилине бир нече ирет которулган. Түп нускадагы ыр өлчөмү сакталган алгачкы орусча классикалык котормосу Н. И. Гнедичке таандык (1829).