ИМАЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИМА́Й (лат. Imaus) – тарыхый топоним. Б. з. ч. 4–3-к-дан о. кылымдын аягына чейинки Батыш Европа илиминде кабыл алынган эбегейсиз зор тоо тутуму. Ал б-ча И. 35° түн. кеңдик б-ча бүт Азия материгин экиге бөлүп турган. 145° узундуктан (Индиянын тушунан) И-дан туура төтө түн. уюлду көздөй дагы бир залкар кырка тоо созулган. Бул меридиандык И., О. Азиянын аймагын жарып өтүп, бир нече тармакка бөлүнгөн. Андан тараган Комед тоолору Памирге, Аскатанк тоосу Фергана ж-а Кара- Тоо тизмектерине, Авзакия (Ауксакия) Теңир- Тоого туура келет деп эсептелген. Меридиандык И-дын эки тарабын скиф уруулары, түш.-батышын сактар мекендеген. «Улуу кардуу тоо кыркасы» ж-дөгү түшүнүк атайын саякат, изилдөөлөрдөн эмес, көбүнчө сурамжылоо, болжолдоо жолу м-н пайда болгон. 17–18-к., өзгөчө 19- к-дын башында бул көз караштын негизсиз экени ачык көрүнүп, аны о. эле жаңы жасалма гипотеза (А. Гумбольдттун Болор схемасы) м-н алмаштыруу аракети да оң натыйжа берген эмес.