ИМАМАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИМАМАТ (ар. – башкаруу) – 1) мусулман теок­ратиялык мамлекетинин жалпы аталышы; ди­ний ж-а жарандык башкарууну бирдикте алып баруучу ислам мамлекетинин ин-ту, б. а. хали­фат деп айтса да болот. Халиф – имам шарият мыйзамдарынын негизинде укук тартибин ж-а мамлекеттин бардык жарандарынын коопсуз­дугун кароого милдеттүү. Сунниттерден айыр­маланып шииттер мамлекеттин башына Мухам­мед пайгамбардын гана тукумдары (Али ибн Абу Талиб) турууга тийиш деп эсептешет, бирок алар да бул маселе б-ча бир пикирге келе алышкан эмес, ошондуктан канча кылымдардан бери ар кандай секталарга бөлүнүп келүүдө. И. ж-дө ар


биринин өзүнүн концепциясы болгон (к. Шиизм); 2) 19-к-дын 20-жылдарынын аягында Түн. Кав­каз элдеринин орус падышачылыгынын отор­чул саясатына каршы жүргүзгөн күрөштөрүнүн учурунда Дагстан м-н Чеченстанда пайда бол­гон мюриддердин мамлекети. Имамдары: Гази- Магомет (1828–32), Газмат-бек (1832–34), Ша­миль (1834–59).


Т. Өмүрова.