ИММИГРАНТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИММИГРА́НТ (лат. immigrans – көчүп келүү) – башка бир өлкөгө туруктуу же узак мөөнөткө келип жашап калган чет элдик жаран. И. саясий, экон., диний, о. эле ар кандай себептер м-н куугунтукталып, четтен туруктуу жашоого башбаанек издегендер ж. б. өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болот. И-тар көптөгөн мамлекеттердин калыптанышына зор роль ойногон. Элдердин улуу көчүү доору (4–7-к.), Араб халифатынын түзүлүшү (7–8-к.), Чыңгыз хандын империясынын күч алышы (11–17-к.), Улуу геогр. ачылыштар (15–17-к-дын ортосу) ж. б. окуялар дүйнө картасын түп-тамырынан өзгөрттү. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Азиядан ж-а Түш. Африкадан көптөгөн И. Батыш Европа, Америка өлкөлөрүнө көчүп келишти. Учурда Тажикстан, Пакистан ж. б. өлкөлөрдө болгон согушка байланыштуу качып келген И-тар Кырг-нда да жашоо кечирүүдө.