ГРЕНЛАНДИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГРЕНЛА́НДИЯ (скандинавиялыктардын тилинде Cronland – жашыл өлкө) – Жер шарындагы эӊ чоӊ арал, Түн. Муз ж-а Атлантика океандарынын аралыгында, Түн. Американын түш.-чыгыш жээгинде. Даниянын аймагы (1953-жылдан); 1979-жылдан өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ. Аянты 2176 миӊ км2. Калкы 56,0 миӊдей (2019); анын 90%и эскимостор. Адм. борбору – Готхоб (Нук; калкы 10 миӊ). Адм.-айм. жактан 3 инспекторатка бөлүнөт. Г-нын дээрлик бүт аймагы Канада калканынын түн.-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан; чыгыш ж-а түн. чет-жакаларын гана каледон бүктөлүшү камтыйт. Каледон бүктөлүү зонасы калкандан тереӊ тектон. жарака аркылуу бөлүнөт. Платформанын калканы архейде ж-а алгачкы протерозойдо пайда болгон гнейс, кварцит, мрамор, гранит тектеринен туруп, үстүн ортонку протерозойдун жанар тоо-чөкмө тектери жаап калган. Каледон геосинклиналдары протерозойдун аягындагы терригендин ж-а карбонаттуу ж-а кембрий, ордовиктин карбонаттуу тектеринен турат. Силурда бүктөлүүгө дуушарланып, девондо ойдуӊдарга континенттик тектер толгон. Палеозойдун аягынан платформалык режимде;

мезозойдо кумдук-чополуу тоо тектер тараган. Кайнозойдо Г. көтөрүлүп, тилмеленген, жаракалардан базальт лавалары агып чыккан. Кен байлыктары (түштүгүндө криолит, батышында графит, мрамор) архей-алгачкы протерозой тектеринде пайда болгон. Күрөӊ көмүр мезозой тектерине байланыштуу. Чыгыштагы каледон структурасында коргошун-цинк ж-а уран кенташтары топтолгон. Антропогенде муз каптоо башталган; азыр аралдын аймагынын 80%ин муз каптап жатат; муздун орт. калыӊдыгы 2300 м, эӊ калыӊ жери 3400 м; көлөмү 2,6 млн км3дай. Кууш өрөөндөр аркылуу океанга ири мөӊгүлөр жылып түшүп,

Аралдын батыш жээгиндеги фьорд.

айсбергдерди пайда кылат. Муз каптабаган жерлери (туурасы 250 кмге чейин) деӊиз бойлой (айрыкча түш.-батыш ж-а түн. жээктеринде) бөксө тоо (бийикт. 400–600 мге чейин) ж-а тоо массивдери (бийикт. 2000 мге чейин) түрүндө созулуп жатат. Чыгыш жээгинде аралдын эӊ бийик жери – Гунбьёрн чокусу (3700 м) жайгашкан. Жээктеринде булуӊ-буйтка (фьорддор) өтө көп. Климаты субарктикалык ж-а арктикалык, деӊиз боюнда – деӊиздик, мөӊгү калканынын борб. бөлүгүндө – континенттик. Январдын орт. темп-расы деӊиз боюнда –7°Сден (түштүгүндө) –36°Сге (түндүгүндө) чейин, июл-

Балыкчылар кыштагы.
Готхоб шаарындагы порт.

дуку 10°Сден (түштүгүндө) 3°Сге (түн.-батышында) чейин. Борборунда январдын орт. темп-расы –46°С (абс. минимуму –70°С), июлдуку –12°С. Жылдык жаан-чачыны түштүгүндө 800–1100 мм, түндүгүндө 150–250 мм, муздуу аймакта 300–400 мм. Жээктерине тундра өсүмдүгү, четки түштүгүндө ийне жалбырактуу токой, түндүгүнө арктикалык чөл ландшафттары мүнөздүү. Г-да түн. бугусу, кой бука (овцебык), ак аюу, ак түлкү, уюл карышкыры ж. б. (сүт эмүүчүлөрдүн 30дай түрү) мекендейт, куш көп. Балык кармалат ж-а балык продуктуларын чыгаруу ишканалары иштейт; кой ж-а бугу асыралат. Түн.-чыгышында Гренландия улуттук паркы бар. Криолит казып алынат. Негизги калктуу пункттары түш.-батыш жээгинде жайгашкан; алар: Готхоб, Юлианехоб, Хольстейнсборг, Суккертоппен. Г-ны 875-ж. ченде исландиялык моряк Гунбьёрн ачкан. 1953-ж. Даниянын алыскы деӊиздик губерниясы (амт) статусун алган; 1979-ж. Г. «Дания королдугунун курамындагы өзүн-өзү башкаруучу аймак» деп жарыяланды. Ад.: Гренландия. Сб. ст./Пер. с дат. М., 1953; Игнатьев Г. М. Гренландия. М., 1956; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.