ИМПРОВИЗАЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИМПРОВИЗА́ЦИЯ (лат. improvisus – күтпөгөн жерден, капыстан) – аткаруу учурунда көркөм чыгарманы шыдыр жаратуу өнөрү. Алдын ала даярдыксыз көркөм чыгарма жаратуунун, табигый таланттын, кесиптик дасыгуунун натыйжасында пайда болот. И. музыка, бий искусствосуна, театр, айрыкча көркөм сөз өнөрүнө мүнөздүү. Эл чыг-лыгына байыртан байыр алган бул өнөр ар элде ар кандай аталат. П о э з и яд а г ы И. – ырчылардын берилген темага ылайык, болбосо айтышта ойду улоо же жооп кайтаруу иретинде такалбай, куюлуштуруп, жамактатып ыр чыгарышы. Кыргызда оозеки чыг-лык өкүм сүрүп турган кезде, И. көркөм сөз өнөрүнүн зарыл компоненти катары турмуштук муктаждыктан келип чыгып, көркөм чыг-лыктын айтуу формасы иретинде улам өнүгүп, өркүндөп салттуу өнөргө айланган. И. өнөрү айрыкча жомокчу (кээде), жамакчы, нускоочу ырчыларга мүнөздүү. Алардын чыг-лык кудуретин т ө к м ө ч ү л ү к деп таамай аталган. И. өнөрүн Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл сыяктуу эл ырчылары көркөм бийиктикке жеткирип, ал салтты Э. Турсуналиев, Т. Тыныбеков, Т. Абдиев, З. Үсөнбаевдер улантышты. Заманбап кыргыз поэзиясына да төкмөлүк өнөрдү аркалаган жаштар (Э. Иманалиев, Ж. Токтобеков, А. Кутманалиев, Майра Керим кызы, А. Нуралиев, А. Болгонбаев, А. Туткучов ж. б.) келүүдө. Кыргыз ад-тында И-лык поэзиянын эң ири өкүлү катары улуу Токтогулду атоого болот. Ал чыгармаларын комуздун коштоосунда алдын ала даярдыксыз аткарган. Төкмө акындар И-лык поэзиянын бекем, туруктуу салттарын, өзүнө жаккан акындын чыгармаларын аткарганда, ал акындын стилдик бөтөнчөлүктөрүн толук сактоого аракеттенген. Кыргыз акындар поэзиясында И-нын эки түрдүү формасын атоого болот: 1) нускоо түрүндөгү И. – көбүнчө саясий маанидеги насыят, санат ырларын; 2) жамак түрүндөгү И. – аш-тойлордо күрөшкө чыккан балбандарды, жарышка салынган күлүктөрдү мактап, жар салып ырдаган ырчыларга мүнөздүү. И-лык шык кээде профессионал жазуучу, акындарда да болот. Эгерде элдик акындар И-лык өнөрүн оозеки түрдө өнүктүрсө, профессионал акындар өздөрүнүн И-сын жазма түрүндө ишке ашырат. Эгерде жазма импровизаторлордун эч даярдыксыз кагазга түшүргөн ыры ошол вариантта сакталып калса, оозеки импровизаторлор бир эле темадагы ырын кайрадан аткарганда мурдагысы сөзмөсөз эч качан кайталанбайт, ыр саптары өзгөрөт, айрым сүрөттөө каражаттары кемип, же күчөйт, же айрым строфалары жоголуп, анын ордуна жаңысы пайда болот. М у з ы к а д а И. элдик И-нын таасиринде жаралган ж-а калыптанган. Европада анын алгачкы формалары о. кылымдагы вокалдык сыйынуу музыкасына байланыштуу чыккан. Музыка толук кагазга түшүрүлбөгөндүктөн, ар бир аткаруучу партиясын өз деңгээлинде И-лаган. Акырындап И. ыкмасы жө нгө сал ынып, 19-к -дын 1-жарымында белгилүү комп.-аткаруучулардын (Л. Бетховен, Н. Паганини, Ф. Шопен) чыг-лыгында эркин фантазиялоо формасы катары чоң мааниге ээ болгон. Фантазия, экспромт, прелюдия сыяктуу айрым муз. жанрлар И. жолу м-н жаралган. Азыр жаз музыкасында И-га көбүрөөк жол берилет. Б и й д е И. элдик ырым-жырым, оюн-зоок майрамдары м-н байланыштуу байыртан бери өнүгүп келет. И. Азия элдеринин элдик бийинде, профессионалдык бий өнөрүндө, айрыкча музыканын мазмунун бий м-н туюндурууда байкалат. Т е а т р д а И. – сценарийдеги мерчемдүү темага ылайык өз сөзүн жалгай айтып, образ түзө алган актёр оюну. 20-к-дын башында И-ны актердун чыг-лыгын активдештирүүдө, элдик көркөм каражаттар м-н байытууда актерлор м-н иштөөдөгү окуу-тарбия методу катары К. С. Станиславский кийирген. 1919–38-ж. Москвада И. театры болгон. И. азыр театр педагогикасынын негизги элементи катары пайдаланылат. Кыргыз музыкасында, айрыкча комуз күүлөрүн чыгарууда И-нын үлүшү зор. Анткени күү нотага түшүрүлбөй, бир чертүү м-н аткарылат. Кыргызда И. аспапчыларда (күү чыгарууда, аткарууда) өтө күчтүү болгон. Элдик аспаптык чы-лыкта (комузчулар, кыл кыякчылар, ооз комузчулар, чоорчулар, сурнайчылар ж. б.) шайырлар күүлөрүн төкмөлөп чыгарышкан. Ошондуктан бүгүнкү черткен күүсүн эртеси кайрыктарын узартып же кыскартып чертишкен. Бул болсо төкмөчүлүктүн өзүнчө бир касиети катары салтка айланган. Залкар шайырлар: Арстанбек, Муратаалы, Карамолдо, Абак, Ыбырай, Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай ж. б. төкмөлөп күү чыгаруунун, аткаруунун үлгүсүн көрсөтүшкөн.