ИМПУЛЬС: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
И́МПУЛЬС (лат. impulsus – сокку, кагылыш) ф и з и к а д а – нерсенин мех. кыймылын сан жагынан мүнөздөөчү вектордук чоңдук. P м-н
белгиленип, P=mv формуласы м-н туюнтулат. И-тун бир нече түрү бар: 1) м е х. И. – кыймылдын чени, б. а. кыймыл саны. Материянын бардык түрлөрү, а. и. электр-магниттик ж-а гравитациялык талаалар да И-ка ээ; 2) к ү ч И-у – белгилүү убакыттагы күч-аракет чени (чоңдугу); ал күчтүн орт. маанисин күч аракеттенген убакытка көбөйткөндөгү көбөйтүндүсүнө барабар; 3) т о л к у н И-у – мейкиндикте же чөйрөдө таралуучу толкундун бир ирет дүүлүгүшү, мис., басымы тез көбөйгөн ж-а капысынан болуучу үн И-у. Оптикалык нурлануу булагынын жарыкты аз убакытта (0,01 сек) чыгаруучу жарык И-у (бул электр-магнит И-унун айрым учуру); 4) э л е к т р И-у – токтун чыңалуусунун же күчүнүн кыска мөөнөткө өзгөрүшү. Электр чынжырындагы өтмө процесстер м-н салыштырмалуу убакытка карата кыска мөөнөт деп түшүнсө болот. Электр И-у жогорку вольттуу ток И-у, видеоимпульс ж-а радиоимпульс болуп бөлүнөт.