ИМПУЛЬС РАЗРЯДЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
И́МПУЛЬС РАЗРЯДЫ – өтө кыска убакытта (секунддун үлүшү) газда өз алдынча пайда болуучу туруксуз электр разряды. И. р-нын эки түрү бар: 1) жасалма жол м-н түзүлгөн турактуу токтун импульсунан алынган разряд. Мындай И. р. плазманын негизги параметринин релаксация убагына караганда аз убакытта берилген кыска импульста пайда болот. Кайталануучу И. р-нын мүнөзүнө разряд аралыгындагы чөйрөнүн калдыктуу иондошуусу таасир этет. И. р. оңой ж-а дайыма күйүшү үчүн разряд аралыгындагы чөйрөнүн алгачкы иондошуусу же күйгүзүү потенциалынан чоң электр талаасы колдонулат. 2) энергия булагынын сыйымдуулугу чектелген учурда пайда болгон разряд. Бул учурда И. р. мезгили м-н өчүүчү ток формасын алат. Бул учкун разряды деп аталат. И. р. атайын жарык булагын алууда, газ электроникасында, техникада колдонулат.