ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САЯСАТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САЯСАТ – экономикалык саясаттын курамдык бөлүгү. Мамлекет ж-а чарбакер субъекттер тарабынан инвестициялардын структураларын ж-а масштабдарын белгилөө, аларды пайдаланууга багытталган артыкчылыктарды, алуу булактарын аныктоо түрүндө жүргүзүлөт. Кырг-ндын экономикасын турукташтыруу ж-а көтөрүү, ал түгүл андагы олуттуу структуралык кайра түзүүлөр, узак депрессия абалына каршылык көрсөтүүнү камсыз кылуу инвестиция процессин жандандыруусуз мүмкүн эмес.