ИНВЕСТОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИНВЕСТОР (англ. inuestor – салымчы) – пайда табуу максатында активдерди‚ баалуу кагаздар­ды же кыймылсыз мүлктү‚ жер участкаларын ж. б. сатып алуу аркылуу капиталды инвести­циялоону ишке ашыруучу жеке адам же юрид. жак. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу­ну бюджеттен финансылоочу мамлекет‚ мамл. субъект‚ финансы-кредит мекемелери да И. бо­лушу мүмкүн. И. – өз өлкөсүнүн экономикасы­на же чет өлкөгө өзүнүн‚ карыз алынган же тар­тылган каражаттарын инвестициялоочу инвес­тициялык ишмердиктин субъектиси.