ИНДИКАТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИНДИКА́ТОР МИКРООРГАНИЗМДЕР – сырткы чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү бол­гон, анын абалын, ар кандай таасирлерин көрсө­түп туруучу микроорганизмдер. И. м-ди изил­дөө топурактын микробиологиясынын өнүгүшү м-н коштолуп, алардын жардамы м-н топурак­тын тибин, анын агротех., агрохим. ыкмала­рынын топуракка таасирин аныктоого жардам берет. О. эле микроорганизмдер аба, суу, топурак ж. б. жаратылыш объектилеринин ар түрдүү хим. (оор металлдар, пестициддер) радиоактивдүү заттар м-н булганышынын мыкты көрсөткүч­төрү болуп эсептелет. Топуракта кээ бир биоген­дик элементтер бар экендигин көрсөткөн мик­роорганизмдер кездешет. Мис., азотобактер каль­ций, магний, азот, о. эле, оор металлдардын: Hg, Pb, Cd, Zn, Mo ж. б. элементтердин топу­рактагы бир аз концент-сын да сезет. Ар кан­дай типтеги топурактын санитариялык абалын баалоодо ичеги таякчасы ж. б. микроорганизм­дер колдонулат.


Т. Дөөлөткелдиева.