ГРИБАЧЁВ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРИБАЧЁВ Николай Матвеевич [6 (19). 12. 1910, азыркы Брянский обл., Лопушь кыш. – 10.3.1992, Москва] – акын, жазуучу, журналист, коомдук ишмер, СССР мамл. сыйл. (1948, 1949), Лениндик сыйл. лауреаты (1960), Соц. Эмг. Баатыры (1974). «Советский Союз» журналынын башкы редактору (1950–54, 1956–91) болуп иштеген. «Түндүк-Батыш» (1935), «Согуш жолдору менен» (1945) ж. б. ыр жыйнактары жарык көргөн. Г-го «Большевик» колхозу» (1947), ««Победадагы» жаз» (1948) поэмалары үчүн мамл. сыйл. ыйгарылган. О. эле «Август жылдыздары» (1958), «Түнкү добул» (1964) ж. б. аӊгемелери белгилүү. Айрым ырлары кыргыз тилине которулган. 4 жолу Ленин ордени (1960, 1967, 1974, 1980), Октябрь Революциясы ордени (1970) ж-а медалдар м-н сыйланган.
Чыг.: Поэма жана ырлар. Ф., 1956.