ЖАНАЯК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНАЯК</b> – 1) жол жүргөндө, жоого аттанган­да, мал оторлотуп же көчүп жүргөндө колдону­луучу жыгач идиш. | <b type='title'>ЖАНАЯК</b> – 1) жол жүргөндө, жоого аттанган­да, мал оторлотуп же көчүп жүргөндө колдону­луучу жыгач идиш. Жанаякты арча, кайың, тал, теректен буюмдун көлөмүнө жараша кыйып келип, аарчып, ичин оюп, көлөкө жайда курга­тып (бир кайнатып алса, сары суусу чыгып, урунганга бышык болгон), ийди, бычакты кол­донуу менен ар кандай көлөмдө сап чыгарып жа­сашкан. Анын айрымдарынын сабы оймо-чий­меленип, коло, жез, күмүш чөгөрүлүп асемдел­ген; 2) насыбай ийлей турган идиш. Чөйчөк сыяктуу тегерек же сүйрү формада, түбү, жан-жактары калың, ичи чуңкур, саптуу жасалат. Бир жагы жалпак, экинчи жагы быдырлуу, жу­муру келген таякчасы (ийлегичи) болот. Жанаяктын сабы менен таякчасынын учун ысытылган шиш менен тешип, кайыш өткөрүп, боо башын чачы­лап, илип коюшкан. Учурда жанаякты музейлерден гана көрүүгө болот. | ||
[[Файл:Аяк.jpg|left|thumb|266x266px]] | |||
[[Файл:Жан.jpg|center|thumb|200x200px]] | |||
жактары калың, ичи чуңкур, саптуу жасалат. Бир жагы жалпак, экинчи жагы быдырлуу, жу­муру келген таякчасы (ийлегичи) болот. | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:44, 22 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНАЯК – 1) жол жүргөндө, жоого аттанганда, мал оторлотуп же көчүп жүргөндө колдонулуучу жыгач идиш. Жанаякты арча, кайың, тал, теректен буюмдун көлөмүнө жараша кыйып келип, аарчып, ичин оюп, көлөкө жайда кургатып (бир кайнатып алса, сары суусу чыгып, урунганга бышык болгон), ийди, бычакты колдонуу менен ар кандай көлөмдө сап чыгарып жасашкан. Анын айрымдарынын сабы оймо-чиймеленип, коло, жез, күмүш чөгөрүлүп асемделген; 2) насыбай ийлей турган идиш. Чөйчөк сыяктуу тегерек же сүйрү формада, түбү, жан-жактары калың, ичи чуңкур, саптуу жасалат. Бир жагы жалпак, экинчи жагы быдырлуу, жумуру келген таякчасы (ийлегичи) болот. Жанаяктын сабы менен таякчасынын учун ысытылган шиш менен тешип, кайыш өткөрүп, боо башын чачылап, илип коюшкан. Учурда жанаякты музейлерден гана көрүүгө болот.

