ЖАНТӨШЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНТӨШЕВ</b> Касымалы (1904, Ысык-Көл | <b type='title'>ЖАНТӨШЕВ</b> Касымалы (1904-жыл, Ысык-Көл облусу, Түп району, Тепке айылы – 13. 8. 1968-жыл, Фрунзе шаары) – жазуучу, драматург, кыргыз профессионал адабиятын негиздегендердин бири, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1946), | ||
( | [[File:ЖАНТӨШЕВ64.png | thumb | none|385x385px]]Кыргыз эл жазуучу­су (1968). Фрунзедеги пед­агогикалык техникумду бүтүргөн (1930). 1934-жылга чейин Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатын­да методист, РайОНОнун башчысы, окутуучу болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик дра­ма театрынын режиссёру, артисти, (1934–1946), режис­сёр-коюучу (1946–1948), Кыр­гыз мамлекеттик басмасынын редактору (1948–1949), Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатында искусство боюнча башкар­ма начальниги (1949–1951), Кыргыз ССР Маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору (1964–1968) бо­луп эмгектенген. Ал чыгармачылык жолун драмалык чыгармаларды жазуудан баштаган. «Койчу» | ||
[[File:ЖАНТӨШЕВ64.png | thumb | none]] | (1922), «Түштө», «Биз комсомолецтер» (1927), Октябрь революциясына чейинки кыргыз аялдары­нын кайгылуу тагдырын баяндаган «Карачач» (1929), «Алым менен Мария» (1930) пьесалары театр студиясында коюлган. Улуу Ата Мекен­дик согуш мезгилинде жана андан кийин жазган драмалык чыгармалары – «Өч», «Эл ырчысы», «Азоого чалма», «Каныбек», «Курманбек» жана башкалар.<br>Алгачкы көлөмдүү прозалык чыгармасы – «Эки жаш» (1938) повести. К. Жантөшевди жазуучу катары таа­ныткан чыгармасы – кыргыз адабиятындагы бел­гилүү чыгармалардан болуп калган «Каныбек» романы (1-китеби 1939-жылы, 2-китеби 1941-жылы; 3-китеби 1948-жылы чыккан; экинчи редакциясы 1957–1958-жылы жарык көргөн). «Каныбекте» кыр­гыз элинин 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылым­дын башындагы экономикалык абалы, үрп-адаты, кыр­гыз жерине соода капиталынын айрым элемент­теринин кириши, революциялык идеялардын тарала башташы жана башка окуялар эпикалык планда сүрөт­төлгөн. Романдын баш каарманы Каныбектин образы романтикалык планда берилип, эзүүчү­лөр менен күрөшү, тайманбастыгы жана өзү сыяк­туу кедей-кембагалдарга кылган кайрымдуулу­гу, боорукерлиги көрсөтүлөт. Жантүшев. – «Хан-Теңир­лик чабан» (1963), «Биздин секретарь» (1964), «Менин тагдырым» (1967) деген роман, повест­тердин, «Адыл мерген», «Мендирман», «Чолпон­бай», «Өнөрлүү балдар», «Кара шумкар» сыяк­туу аңгемелердин, «Тилек», «Ашуу ашкан суу» сыяктуу илимий-фантастикалык повесттердин ав­тору. Балдар үчүн аңгеме, жомокторду да жаз­ган. Жантөшев табиятында акын адам болгон. «Бөлө­лөр» аттуу ыр менен жазылган фельетону 1969-жылы 2-февралда «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитине жарыяланган. «Курманбек» драмасын да ыр менен жазган. К. Жантөшев котор­мочу катары да белгилүү. Н.Островскийдин «Бо­лот кантип курчуду» романын, М. Лермонтов­дун «Ашык Керибин» жана башкаларды кыргыз тилине ко­торгон. Ал – кыргыз кино драматургия жанрын баштоочулардын бири. Айрым чыгармалары («Каныбек» романы жана башкалар) экрандаштырылган. «Каныбек» романы жана башка чыгармалары чет тил­дерге которулган. Республикадагы айрым мектептер­ге, китепканаларга, көчөлөргө жана Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук драма театрына анын ысмы берилген. Айкели Ак-Суу районундагы Теп­ке айылына 1974-жылы тургузулган (скульптор А. В. Шестопал). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Бел­гиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. | ||
чыгармаларды жазуудан баштаган. «Койчу» | |||
(1922), «Түштө», «Биз комсомолецтер» (1927), Октябрь | |||
«Азоого чалма», «Каныбек», «Курманбек» | |||
<br>Алгачкы көлөмдүү прозалык чыгармасы – «Эки жаш» (1938) повести. | |||
«Менин тагдырым» (1967) деген роман, повест­тердин, «Адыл мерген», «Мендирман», «Чолпон­бай», «Өнөрлүү балдар», «Кара шумкар» сыяк­туу аңгемелердин, «Тилек», «Ашуу ашкан суу» сыяктуу | |||
«Кыргыз Туусу») гезитине жарыяланган. | |||
Ад.: <i>Суванбеков Ж</i>. Касымалы Жантөшев. Ф., 1964; <i>Абдылдабеков К</i>. Сөз чебери. Ф., 1970; <i>Күмүшалиев К</i>. Касымалы Жантөшев. Ф., 1973; <i>Жигитов С.</i> Жа­ңычылык жолунда. Ф., 1975; <i>Бектенов З</i>. Заман­даштарым жөнүндө эскерүү. Б., 1992; <i>Артыкбаев К</i>. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004. <i>И. Жумабаев.</i> [[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
08:24, 22 Май (Бугу) 2025 -деги абалы
ЖАНТӨШЕВ Касымалы (1904-жыл, Ысык-Көл облусу, Түп району, Тепке айылы – 13. 8. 1968-жыл, Фрунзе шаары) – жазуучу, драматург, кыргыз профессионал адабиятын негиздегендердин бири, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1946),

Кыргыз эл жазуучусу (1968). Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүтүргөн (1930). 1934-жылга чейин Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатында методист, РайОНОнун башчысы, окутуучу болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик драма театрынын режиссёру, артисти, (1934–1946), режиссёр-коюучу (1946–1948), Кыргыз мамлекеттик басмасынын редактору (1948–1949), Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатында искусство боюнча башкарма начальниги (1949–1951), Кыргыз ССР Маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору (1964–1968) болуп эмгектенген. Ал чыгармачылык жолун драмалык чыгармаларды жазуудан баштаган. «Койчу»
(1922), «Түштө», «Биз комсомолецтер» (1927), Октябрь революциясына чейинки кыргыз аялдарынын кайгылуу тагдырын баяндаган «Карачач» (1929), «Алым менен Мария» (1930) пьесалары театр студиясында коюлган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде жана андан кийин жазган драмалык чыгармалары – «Өч», «Эл ырчысы», «Азоого чалма», «Каныбек», «Курманбек» жана башкалар.
Алгачкы көлөмдүү прозалык чыгармасы – «Эки жаш» (1938) повести. К. Жантөшевди жазуучу катары тааныткан чыгармасы – кыргыз адабиятындагы белгилүү чыгармалардан болуп калган «Каныбек» романы (1-китеби 1939-жылы, 2-китеби 1941-жылы; 3-китеби 1948-жылы чыккан; экинчи редакциясы 1957–1958-жылы жарык көргөн). «Каныбекте» кыргыз элинин 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башындагы экономикалык абалы, үрп-адаты, кыргыз жерине соода капиталынын айрым элементтеринин кириши, революциялык идеялардын тарала башташы жана башка окуялар эпикалык планда сүрөттөлгөн. Романдын баш каарманы Каныбектин образы романтикалык планда берилип, эзүүчүлөр менен күрөшү, тайманбастыгы жана өзү сыяктуу кедей-кембагалдарга кылган кайрымдуулугу, боорукерлиги көрсөтүлөт. Жантүшев. – «Хан-Теңирлик чабан» (1963), «Биздин секретарь» (1964), «Менин тагдырым» (1967) деген роман, повесттердин, «Адыл мерген», «Мендирман», «Чолпонбай», «Өнөрлүү балдар», «Кара шумкар» сыяктуу аңгемелердин, «Тилек», «Ашуу ашкан суу» сыяктуу илимий-фантастикалык повесттердин автору. Балдар үчүн аңгеме, жомокторду да жазган. Жантөшев табиятында акын адам болгон. «Бөлөлөр» аттуу ыр менен жазылган фельетону 1969-жылы 2-февралда «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитине жарыяланган. «Курманбек» драмасын да ыр менен жазган. К. Жантөшев котормочу катары да белгилүү. Н.Островскийдин «Болот кантип курчуду» романын, М. Лермонтовдун «Ашык Керибин» жана башкаларды кыргыз тилине которгон. Ал – кыргыз кино драматургия жанрын баштоочулардын бири. Айрым чыгармалары («Каныбек» романы жана башкалар) экрандаштырылган. «Каныбек» романы жана башка чыгармалары чет тилдерге которулган. Республикадагы айрым мектептерге, китепканаларга, көчөлөргө жана Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук драма театрына анын ысмы берилген. Айкели Ак-Суу районундагы Тепке айылына 1974-жылы тургузулган (скульптор А. В. Шестопал). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Суванбеков Ж. Касымалы Жантөшев. Ф., 1964; Абдылдабеков К. Сөз чебери. Ф., 1970; Күмүшалиев К. Касымалы Жантөшев. Ф., 1973; Жигитов С. Жаңычылык жолунда. Ф., 1975; Бектенов З. Замандаштарым жөнүндө эскерүү. Б., 1992; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004. И. Жумабаев.