ЖАНЫБЕКОВ 1: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНЫБЕКОВ</b> Алтынбек (15. 6. 1934- | <b type='title'>ЖАНЫБЕКОВ</b> Алтынбек (15. 6. 1934-жылы туулган‚ Чүй облусунун‚ Аламүдүн району‚ Ала-Арча айылы) – композитор‚ Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1979)‚ Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995). М. Күрөңкөев атындагы | ||
[[File:ЖАНЫБЕКОВ 171.png | thumb | none]]музыка-хореография окуу жайын (1957)‚ Курмангазы атындагы Ал­маты мамлекеттик консерватория­сынын теория-композитор­дук факультетин (1962) бүткөн. 1957-жылдан Кыргызстан ком­позиторлор союзунун мүчө­сү. 1962–1965-жылдары Кыргыз CCР мамлекеттик радио уктуруу жана те­лекөрсөтүү комитетинде редак­тор‚ бир эле мезгилде Фрун­зедеги М. Күрөңкөев атындагы музыка-хореография окуу жайында окутуучу‚ 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент‚ профессор‚ 1993-жылдан Кыргыз улуттук консер­ваториясынын профессору. А. Жаныбеков ар кандай жанрдагы 250дөй чыгармаларды‚ анын ичинен кыргыз музыкасы­нын тарыхында биринчилерден болуп фортепья­но жана оркестр үчүн концерт жазган. Чыгарма­ларында элдик музыкалык ыргактарды чебер пайда­ланат. Көлөмдүү симфониялык чыгармалардын («Т. Cа­тылгановдун эстелигине»‚ «Ата журт»)‚ симфониялык поэмалардын («Д. Шопоковдун эстелигине»‚ «Ме­нин Кыргызстаным»)‚ симфониялык сүрөттөмөнүн («Ак алтындуу айылда»)‚ симфониялык бийлердин‚ симфониялык увертюралардын‚ кантаталардын («Даңктан‚ Кыргызстан!»‚ «Кыргыз элине даңк!»)‚ соната­лардын‚ ырлардын‚ романстардын («Жаштар маршы»‚ «Түндө»‚ «Ак куу»‚ «Издейм сени» жана башкалар)‚ камералык-аспаптык чыгармалардын‚ хорлордун автору‚ спектаклдерге («Караш-Ка­раш»‚ «Балдар бойго жеткенде») музыка жаз­ган. Медалдар менен сыйланган. | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
08:46, 22 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНЫБЕКОВ Алтынбек (15. 6. 1934-жылы туулган‚ Чүй облусунун‚ Аламүдүн району‚ Ала-Арча айылы) – композитор‚ Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1979)‚ Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995). М. Күрөңкөев атындагы

музыка-хореография окуу жайын (1957)‚ Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясынын теория-композитордук факультетин (1962) бүткөн. 1957-жылдан Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү. 1962–1965-жылдары Кыргыз CCР мамлекеттик радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде редактор‚ бир эле мезгилде Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыка-хореография окуу жайында окутуучу‚ 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент‚ профессор‚ 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору. А. Жаныбеков ар кандай жанрдагы 250дөй чыгармаларды‚ анын ичинен кыргыз музыкасынын тарыхында биринчилерден болуп фортепьяно жана оркестр үчүн концерт жазган. Чыгармаларында элдик музыкалык ыргактарды чебер пайдаланат. Көлөмдүү симфониялык чыгармалардын («Т. Cатылгановдун эстелигине»‚ «Ата журт»)‚ симфониялык поэмалардын («Д. Шопоковдун эстелигине»‚ «Менин Кыргызстаным»)‚ симфониялык сүрөттөмөнүн («Ак алтындуу айылда»)‚ симфониялык бийлердин‚ симфониялык увертюралардын‚ кантаталардын («Даңктан‚ Кыргызстан!»‚ «Кыргыз элине даңк!»)‚ сонаталардын‚ ырлардын‚ романстардын («Жаштар маршы»‚ «Түндө»‚ «Ак куу»‚ «Издейм сени» жана башкалар)‚ камералык-аспаптык чыгармалардын‚ хорлордун автору‚ спектаклдерге («Караш-Караш»‚ «Балдар бойго жеткенде») музыка жазган. Медалдар менен сыйланган.