ЖАПЫРЫК КӨРҮСТӨНДӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАПЫРЫК КӨРҮСТӨНДӨРҮ</b> – эрте темир доо&shy;рунан о. кылымга чейинки мезгилди камтыган археол. эстеликтер. Соң-Көлдөн 25–30 <i>км</i> түш.-
<b type='title'>ЖАПЫРЫК КӨРҮСТӨНДӨРҮ</b> – эрте темир доо&shy;рунан орто кылымга чейинки мезгилди камтыган археологиялык эстеликтер. Соң-Көлдөн 25–30 <i>км</i> түштүк-чыгыш тарапта Жапырык бөксө тоосунун эте&shy;гинде жайгашкан. Эрте темир доорундагы кө&shy;рүстөндөрдүн диаметри 30–50 <i>м</i>, бийиктиги 4–6 <i>м</i>. Тегерек дөбө көрүстөндөрдүн сыртына төрт чар&shy;чы коргончо кылып таш тизилген. Көрүс&shy;төндөрдүн күн батыш тарабында сегиз таш кор&shy;гончо бар. Жапырык жергесинен маркумдун сөөгү менен кошо чопо идиштер, алтын сөйкө, чач учтук, шакек жана башкалар табылган. Эчкинин, жылкы&shy;нын, сууда сүзүүчү канаттуулардын, багыштын аска бетине чегилген сүрөттөрү бар. Жапырык көрүстөндөрү шарт&shy;туу түрдө Жапырык 1; 2; 3; 4; 5 деген бөлүктөргө бөлүнгөн. Жапырык көрүстөнүн 1980–1990-жылдары археолог К. Ташбаева изилдеген. Ушундай эстеликтерди Ат-Башы өрөөнүнөн, Алтайдан, Казакстандан кездештирүүгө болот. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
чыгыш тарапта Жапырык бөксө тоосунун эте&shy;гинде жайгашкан. Эрте темир доорундагы кө&shy;рүстөндөрдүн диаметри 30–50 <i>м</i>, бийикт. 4–6 <i>м</i>. Тегерек дөбө көрүстөндөрдүн сыртына төрт чар&shy;чы коргончо кылып таш тизилген. Көрүс&shy;төндөрдүн күн батыш тарабында сегиз таш кор&shy;гончо бар. Жапырык жергесинен маркумдун сөөгү м-н кошо чопо идиштер, алтын сөйкө, чач учтук, шакек ж. б. табылган. Эчкинин, жылкы&shy;нын, сууда сүзүүчү канаттуулардын, багыштын аска бетине чегилген сүрөттөрү бар. Ж. к. шарт&shy;туу түрдө Жапырык 1; 2; 3; 4; 5 деген бөлүктөргө бөлүнгөн. Ж. к-н 1980–90-жылдары археолог К. Ташбаева изилдеген. Ушундай эстеликтерди Ат-Башы өрөөнүнөн, Алтайдан, Казакстандан кездештирүүгө болот. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
 

09:19, 22 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАПЫРЫК КӨРҮСТӨНДӨРҮ – эрте темир доо­рунан орто кылымга чейинки мезгилди камтыган археологиялык эстеликтер. Соң-Көлдөн 25–30 км түштүк-чыгыш тарапта Жапырык бөксө тоосунун эте­гинде жайгашкан. Эрте темир доорундагы кө­рүстөндөрдүн диаметри 30–50 м, бийиктиги 4–6 м. Тегерек дөбө көрүстөндөрдүн сыртына төрт чар­чы коргончо кылып таш тизилген. Көрүс­төндөрдүн күн батыш тарабында сегиз таш кор­гончо бар. Жапырык жергесинен маркумдун сөөгү менен кошо чопо идиштер, алтын сөйкө, чач учтук, шакек жана башкалар табылган. Эчкинин, жылкы­нын, сууда сүзүүчү канаттуулардын, багыштын аска бетине чегилген сүрөттөрү бар. Жапырык көрүстөндөрү шарт­туу түрдө Жапырык 1; 2; 3; 4; 5 деген бөлүктөргө бөлүнгөн. Жапырык көрүстөнүн 1980–1990-жылдары археолог К. Ташбаева изилдеген. Ушундай эстеликтерди Ат-Башы өрөөнүнөн, Алтайдан, Казакстандан кездештирүүгө болот.