ЖАРГЫЛЧАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАРГЫЛЧАК</b> – дандан талкан, угут жана башкаларды тар&shy;тууга ылайыкталган кол тегирмен. Жаргылчактын ас&shy;тыңкы жалпак ташы тегеренбейт, анын так ор&shy;тосундагы көзөнөгүнө кагылган катуу жыгач же темир шимеги болот. Шимек жаргылчактын үстүңкү та-
<b type='title'>ЖАРГЫЛЧАК</b> – дандан талкан, угут жана башкаларды тар&shy;тууга ылайыкталган кол тегирмен. Жаргылчактын ас&shy;тыңкы жалпак ташы тегеренбейт, анын так ор&shy;тосундагы көзөнөгүнө кагылган катуу жыгач же темир шимеги болот. Шимек жаргылчактын үстүңкү ташынын ортосуна кирип, анын бир окто айла­нышын камсыз кылат. Тартылуучу дан ши­мектүү көзөнөккө ууч менен салынат. Жаргылчак үстүнкү бетинин бир жак четиндеги көзөнөгүнө кагыл­ган жыгач туткасы аркылуу кол менен айланды­рылат. Тартылган дан анын алдына салынган ''супурага'' түшүп турат. Жаргылчакты аялдар жана балдар тарткан. Учурда жаргылчак сейрек колдонулат.


[[File:ЖАРГЫЛЧАК103.png | thumb | 1 – ү ст ү ңк ү т а шы ;
[[File:ЖАРГЫЛЧАК103.png | thumb | 1 – ү стүңкү ташы ; 2 – астыңкы ташы; 3 – шимеги; 4 – туткасы; 5 – көзү.]] [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
2 – астыңкы ташы; 3 – шимеги; 4 – туткасы; 5 – көзү.]] [[Категория:3-том, 215-326 бб]]

09:46, 22 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖАРГЫЛЧАК – дандан талкан, угут жана башкаларды тар­тууга ылайыкталган кол тегирмен. Жаргылчактын ас­тыңкы жалпак ташы тегеренбейт, анын так ор­тосундагы көзөнөгүнө кагылган катуу жыгач же темир шимеги болот. Шимек жаргылчактын үстүңкү ташынын ортосуна кирип, анын бир окто айла­нышын камсыз кылат. Тартылуучу дан ши­мектүү көзөнөккө ууч менен салынат. Жаргылчак үстүнкү бетинин бир жак четиндеги көзөнөгүнө кагыл­ган жыгач туткасы аркылуу кол менен айланды­рылат. Тартылган дан анын алдына салынган супурага түшүп турат. Жаргылчакты аялдар жана балдар тарткан. Учурда жаргылчак сейрек колдонулат.

1 – ү стүңкү ташы ; 2 – астыңкы ташы; 3 – шимеги; 4 – туткасы; 5 – көзү.