ЖАШЫТУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАШЫТУУ</b> – чыңалган металлдын ( | <b type='title'>ЖАШЫТУУ</b> – чыңалган металлдын (мисалы, бо­лоттун) түзүлүшүн өзгөртүү үчүн ар кандай температу­ра менен да иштетүү. Жашытуу процесси төмөндөгүдөй жүрөт: металл кандайдыр бир температурага чейин ысытылып, белгилүү бир убакытка чейин кар­малат да, андан кийин муздатылат. Жашытуунун на­тыйжасында металл каалагандай механикалык касиет­ке ээ болуп, ички чыңалуусу жоюлат. Жашытуунун бир нече түрү болот: 500–560°Сге чейин ысытылса, жогорку температуралык жашытуу деп аталып, машина курууга керектелүүчү тетиктер же аспаптык бо­лоттор үчүн колдонулат; 150–250°Сде жашытуу – це­менттелген, циандалган көмүртектүү жана легир­ленген болотто ички чыңалууларды азайтуу мак­сатын көздөйт; 350–475°Сде жашытуу – пружина жа­соодо пайдаланылат. Бир нече ирет жашытуу менен курч болоттон аспаптык болот алынат. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:20, 23 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖАШЫТУУ – чыңалган металлдын (мисалы, болоттун) түзүлүшүн өзгөртүү үчүн ар кандай температура менен да иштетүү. Жашытуу процесси төмөндөгүдөй жүрөт: металл кандайдыр бир температурага чейин ысытылып, белгилүү бир убакытка чейин кармалат да, андан кийин муздатылат. Жашытуунун натыйжасында металл каалагандай механикалык касиетке ээ болуп, ички чыңалуусу жоюлат. Жашытуунун бир нече түрү болот: 500–560°Сге чейин ысытылса, жогорку температуралык жашытуу деп аталып, машина курууга керектелүүчү тетиктер же аспаптык болоттор үчүн колдонулат; 150–250°Сде жашытуу – цементтелген, циандалган көмүртектүү жана легирленген болотто ички чыңалууларды азайтуу максатын көздөйт; 350–475°Сде жашытуу – пружина жасоодо пайдаланылат. Бир нече ирет жашытуу менен курч болоттон аспаптык болот алынат.